Бүгүн, 30-июлда саат 05:09 чамасында Тажикстанда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын күчү Кыргызстандын Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.