Бүгүн, 14-июнда Баткен облусуна караштуу Булак-Башы жерлигиндеги кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалган бойдон турат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан маалымдашты.
Ок атышууда жаракат алгандар жок. Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Согдий багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда. Жолугушууда эки өлкөнүн чектеш облустарынын күч структураларынын жетекчилери да катышып жатат. Тараптар Кыргызстандын «Булак-Башы» жана Тажикстандын «Кех» чек ара постторунун ортосунда ок атышуунун келип чыккан себебин талкуулашууда. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи эле жыйынтыгы болуп тарамдардын ок атууга ээлеген позицияларынан алуу болду.
Саат 13:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп бааланууда.












