Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Тажикстандын 2 жараны өмүр бою эркинен ажыратылды

Баткен облустук соту Тажикстандын эки жаранын өмүр бою эркинен ажыратты. Сот аларды Кылмыш-жаза кодексинин 380-беренеси «Тынчтыкка каршы кылмыштар» жана 391-беренеси «Талоончулук» боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктары кызматы билдирди.

«Тажиктер ушул жылдын 28-29-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан көп өтпөй камакка алынган. Тажик бийлиги Каххоров менен Юнусовго чыгарылган өкүм боюнча азырынча комментарий бере элек. Аскар Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусов өкүм 14-сентябрда чыкканын билдирди. Анын айтымында, сот отурумдары жабык өтүп, сот залына айыпталуучулардын жакындары киргизилген эмес», — деп айтылат маалыматта.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Баткен облустук сотуна кайрылганда, маалымат даярдалып жатканын айтышты.