«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков «Бикард» менчик клиникасына которулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, ал ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан которулган. Азырынча УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү боюнча комментарий бере элек.
Василий Дашков 18-майда УКМК тарабынан кармалган. Анын баш коргоо чарасы ошол эле күнү каралып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. 8-июнда ал УКМК тарабынан кайра кармалып, анын мамлекетке жалпы 1,5 миллиард сом зыян келтиргени жана аны төлөп берүүгө аракет кылбаганы маалымдалган.