«Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашков үй камагына чыкты

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Бирок кайсы иш боюнча ага чейин камакка алынганы тууралуу комментарий беришкен жок.

Үй камагына чыгаруу чечими кечээ, 18-майда кабыл алынган. Бул боюнча Башкы прокуратуранын прокурору суранган. Экс-директор соттун чечимине ылайык 18-июлга чейин үй камагында болот. 

Буга чейин Василий Дашковдун кармалганы жана анын коррупцияга шектелип жатканы айтылган. Ал 25-мартта «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору кызматынан бошотулган.