«Кыргыз темир жолунун» мурунку башчысы Василий Дашковдун уулу үй камагында экени маалым болду

«Кыргыз темир жолунун» мурунку башчысы Василий Дашковдун уулу Даниил Дашков үй камагында. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, сот мындай чечимди 9-июнда чыгарган.

2021-жылдын 18-майында Василий Дашков УКМКга жеткирилген. Ал коррупцияга шектелип кармалган. “Кыргыз темир жолунун” мурдагы башчысы убактылуу кармоочу жайга камалып, бирок кийин үй камагына чыгарылган. Ошол эле учурда сот бир шарт койгон — зыяндын ордун толтуруу. Василий Дашков акчаны которбогондуктан аны кайра кармашкан. Ал камакка алынган убактысынын көбүн Бикард жеке клиникасында өткөргөн. Январь айында иш сотко өтүп, Дашков бошотулган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2020-жылдын май айынан декабрь айына чейин Василий Дашков инвентардык заттарды жеткирүү үчүн төлөм деген шылтоо менен 1,1 миллиард сомду жеке компанияларга мыйзамсыз которгон. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси менен бирге анын уулу Даниил жана «Атом Групп» ЖЧКсынын жетекчилери Анвар Азмаджанов жана «Генезис плюс» ЖЧКсынын жетекчилери Гурезали Мирзомудинов кармалган.