“Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси Бактияр Жунусов өзүнө коюлган айыпты толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 11 миллион 700 миң сом которду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ишкананын Түштүк филиалынын мурдагы башчысы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө өзүнө коюлган айыпты толугу менен мойнуна алган. Ошондой эле 11 миллион 700 миң сом өлчөмүндө мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурган. Мындан улам баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
Жунусов өткөн жылдын декабрь айында ишканадагы коррупциялык иштерге шектелип кармалган болчу.