Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган дагы бир туннель табылды (видео)

Жер алдындагы туннель табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 24-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылган.

Туннель Өзбекстан Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан өтөт. Болжолдуу түрдө, бул туннель контрабандалык эл керектөөчү товарларды, курал-жарактарды, ок-дарыларды, мыйзамсыз миграцияны, накталай акчаларды жана баңгизаттарды ташуу үчүн колдонулган.

Бул үйдүн ээси Ош облусунда туулган жаран экени аныкталды. Бул тоннелдин туурасы 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөт. Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.