Кыргызстанда жыл башынан бери 187 кыз ала качуу фактысы катталган

Кыргызстанда 9 айдын ичинде Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (никеге туруу үчүн ала качуу) боюнча 187 факты катталган. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Катталган фактылардын ичинен 8 кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилген. Алар боюнча 14 жаран айыпталууда. 177 факты боюнча тергөө кылмыш курамынын жоктугунан токтотулган. Эки факты боюнча иликтөө уланып жатат», — деди ал.

Жыл башынан бери милиция жашы жете электерди никеге турууга мажбурлоо боюнча 19 фактыны да каттаган.