Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бүгүн, 19-апрелде УКМК кызматкерлери жана «Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалынын текшерүү кызматынын кызматкерлери, Түштүк-батыш бажысынын контрабандага каршы күрөшүү жана бажы жол-жоболорун бузуу башкармалыгы менен биргеликте контрабанда жолу менен баалуу металлдарды ташып келүүнү жана ташып чыгууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында аэропорттун чыгуучу залында сары түстөгү металлдарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.
14-апрелде Ош-Бишкек багыты боюнча учууга аракет кылып бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда 3 Өзбек жаранынан сары металлдан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган бул кол чынжырчалардын салмагы 1925,22 граммды түзөт. Жогорудагы адамдар Өзбекстандан Кыргыз Республикасынын аймагына “Достук” өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүп, алтын буюмдарын мыйзамсыз алып өтүшкөн. Азыркы учурда алар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле сотко чейинки тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.