Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз түрдө 6 тонна кумшекерди алып чыгууга аракет кылгандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек арадан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда 6 тонна кумшекерди мыйзамсыз алып бараткандыгы аныкталган. Айдоочуда товарга тиешелүү документтер болгон эмес.