Кечээ, 8-апрелде “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу ири партиядагы аквариумдук таш бакаларды алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Стандарттуу паспорттук көзөмөл процедурасы учурунда чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга бараткан жарандын шектүү жүрүм-турумун байкашкан.
Текшерүү учурунда 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны рюкзагына полиэтилен баштыкка тирүүлөй 100 аквариумдук таш баканы салып алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган. Кармалган жаран таш бакаларды бейтааныш адамдын өтүнүчү менен чек арадан алып өтүүгө алгандыгын билдирген. Текшерүү учурунда ал жаранда жаныбарларды чек арадан алып өтүүгө уруксат берүүчү доументтер жок экендиги аныкталган.
Кармалган жаран жана конфискацияланган таш бакалар андан аркы териштирүүлөр жүргүзүлүшү үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде чара көрүлүшү үчүн тийиштүү компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилген.
This is a modal window.