Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстан Республикасынын 1983-жылы туулган жаранын кармашкан. Ал миграция жөнүндөгү мыйзамды бузуп, 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө киши өлтүрүүгө шектелген жаран 2016-жылдан бери Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн жана мамлекеттер аралык издөөдө болгон.
Азыркы учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын тактоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүүдө.











