Көк бөрү федерациясынын президенти кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө, УКМК органдарындагы байланыштарын шылтоо кылып, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган Кыргыз жаранынын ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталган.
«Тактап айтканда, Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти УКМК тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн коргоо шылтоосу менен УКМКдагы байланыштарына таянып, бир ЖЧКнын жетекчисинен жалпысынан 390 миң АКШ долларын алган.
22-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деген шек менен кармалып, камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.












