Кыргызстанга кирүүгө визаларды жасалмалоо боюнча туруктуу канал токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу ишинин алкагында жасалма визаларды даярдаган каналды аныктап, ага бөгөт коюп, 100дөн ашуун электрондук визаны жасалмалоого катышкан чет элдик жаранды кармады. Кылмыш ишинин алкагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Пакистандын жараны мыйзамсыз киреше табуу максатында Пакистандын башка жарандарына жасалма виза жасоо схемасын уюштурган.
Шектүү Пакистандын дагы бир жаранына эки электрондук визаны (2 айлык мөөнөткө) 150 АКШ долларга жасап берүүнү, ошондой эле ар бирин 1700 доллардан 6800 долларга төрт жылдык визаны жасап берерин айткан. Аванс катары ага 4400 сом которулган. 22-апрелде шектүү 87 миң 400 сом өлчөмүндө талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алган учурда пара менен кармалды. Шектүү кармалып, камакка алынган.
Опузалап пара алган милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 12-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетине...
Өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас деп тааныштырган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. "Өзүн УКМК төрагасынын уулу Таймурас Ташиев катары...
Бишкектеги сейил бакта кызды сабап, жылаңачтап салышкан. Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Шектүү...
Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылып, козголгон кылмыш ишин кыскартуу...
Соната унаасынын айдоочусу кишини бычак менен уруп, андан кийин тебелеп кеткен. Бул тууралуу жабырлануучунун инисимин деген адам айтып, видео жарыялаган....