«Күрөктүн сабы менен башка чапкан». Чүйдө мал ээлери койчусун сабап салган (видео)

Чүйдө мал ээси койчусун жубайы менен кошо сабаган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жабырлануучунун жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 14-мартта Канттын Жар-Башы айылында болгон. Мал ээлери болгон эки бир тууган койчусун, жубайы менен сабап салган. Учурда жаран Канттагы ооруканада жатат. «Көкүрөгүнө жаракат кеткен. Буту сынган. Күрөктүн сабы менен башка чапкан. Баш мээси чайкалган дешти, аны менчик клиникага алып барып, көрсөтөбүз. Жубайы башы айланып, ооруп жатканына карабастан, жолдошун ооруканада кароого мажбур болууда. Койлорун өткөрүп берип жатканда мен бар болчумун, так чыккан, бирок ээси 2 кой жок деп жатат. Милицияга кайрылганбыз, тергөөчү бүгүн келди. Ал эми жубайынан никелешүү боюнча күбөлүгү жок болгон деген жүйөө менен арыз албай коюшкан», — деди жакыны.

Окуя боюнча Чүй ОИИБге кайрылганыбызда, сабалган жаран боюнча ооруканадан милицияга маалымат түшкөнүн, факты каттоого алынганын билдиришти. «Жаран сабалганда эле ооруканадан билдирүү түшкөн. Учурда тергөө уланып жатат», — дешти.