Кытай жараны “Манас” аэропортунан жасалма паспорт менен кармалды

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кытай Эл Республикасынын жаранынын жасалма паспортун колдонуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37-378-беренелеринин (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети) негизинде кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу 29-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен жогоруда аталган чет мамлекеттин жараны 27-августка чейин №1-тергөө абагына киргизилди.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. Кытай жаранынын жасалма паспортун даярдоо ыкмасын аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалды.