«Кытайга эшек чыгарууга уруксат алып берем деп…». Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси 70 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси пара алуу боюнча кылмышка шектелүүдө. 2016-жылы башкармалыктын мурдагы жетекчиси чет элдик ишкерден эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берерин убада кылып, 70 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошол эле учурда ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайтарып берген эмес.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыштардын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. 14-майда УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен кеңешчи кармалды.