Кыз ала качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
5-декабрда саат 21:20 чамасында Бишкек шаарынан белгисиз жарандар 2000-жылы туулган кызды ала качып кеткендиги боюнча маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында “Тосмо” иш мерчеми киргизилип, Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүп, саат 23:30 чамаларында Жайыл районунун Сосновка көзөмөл өткөрмө жайынан кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган А.У.М., 1994-жылы туулган М.У.С., жана 1996-жылы туулган Б.Ж.Б. аттуу жарандар шектүү катары кармалган. Азыркы учурда шектүүлөр Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилди.