Бишкекте кыздарды сойкулукка тарткан делген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
23-декабрда жарандык активист, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Болот Ибрагимов Кулиев көчөсүндө турган сойкулардын видеосу менен бөлүшкөн. Анда кыздар бар экенин, кызмат акысы 1,5 миң сом экенин айтышат. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Биринчи Май РИИБге 21 жаран жеткирилген. 1978, 1988, 1964, 1966-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram