Таластагы окуя. Жергиликтүү тургун: «Шектүү күнөөнү башка жигитке оодарып салат деп кооптонуп жатабыз»

Бүгүн, 6-сентябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Таласта катталган чуулгандуу окуя тууралуу билүү үчүн жергиликтүү тургун — жабыркаган кыздын аяш атасы менен байланышты. Ал окуянын жаңы жагдайын айтып берди. Анын айтымында, кылмышка шектелип жаткан жигиттин апасы Орусияга иштегени кеткен.

«Бул жигиттин апасы Орусияда иштейт. Аны таежеси карайт. Бул жигит кара куурай да чегет окшойт. Ошол эле айылда 2002-жылы туулган жигит бар, экөө дайыма чогуу жүрчү. Ошол күнү апасы кыздарын көрүп калып, үйүнө жетелеп алып кетип, айылдаштарды чогулткуча, шектүүнүн үйүнө тиги жигит бара калат. Эми бизди кооптондурган нерсе, шектелип жаткан жигит тиги жигитке күнөөнү оодарып салбаса экен дейбиз. Шектүү милицияга «мен андай ишке барган жокмун, керек болсо, муну тастыктап бергенге жанымда досум бар» деп жатат. Ал эми биз тиги жигит менен сүйлөшсөк «мен анын үйүнө кийин келгем» деп жатат», — деди жергиликтүү тургун.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы 6-7 жаштагы эки кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген окуя боюнча “ыплас аракеттер” беренеси менен сотко чейинки териштирүү ишин баштаган. Кылмыш иши жергиликтүү тургундун арызынын негизинде козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Буга чейин «Турмуш» басылмасы Талас ШИИБине 4 кыздын ата-энеси арыз менен кайрылганын жазган. Анда алар 1999-жылы туулган кошунасы кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдиришкен. Ата-энелердин биринин айтымында, жигит кыздарды үйүнө алдап киргизип, кийин алардын оозуна жыныс мүчөсүн салган. «Кыздарды ооруканадан текшертебиз. Азырынча ал жактан эмне деп айтышарын билбейбиз», — деген жабыркаган кыздардын биринин ата-энеси.