Таласта кичинекей кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелген 22 жаштагы жигит 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы кечээ, 6-сентябрда Талас шаардык сотунда каралган.
«3-сентябрь күнү Талас ШИИБдин «102» кызматына телефон аркылуу шаар тургуну билдирүү жасаган. Анда көчөдөн бейтааныш адам жарандарды кубалап жүргөн деп билдирген. Окуя болгон жерге ШИИБдин ыкчам тергөө тобу чыккан. Териштирүү учурунда Талас шаарынын төрт тургуну арыз жазышкан. Анда 5, 6 жашар эки кыздын, 8 жаштагы кыздардын апалары ошол жерде кошуна жашаган 1999-жылы туулган жигит кыздарды алдап, үйүнө алып барып, ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгүн билдиришкен.
Андан тышкары кыздардын апалары аталган жарандын үйүнө баргандыгы белгилүү болгон. Аталган арыздар Талас ШИИБдин кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 165-беренеси (ыплас аракеттер) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда иш боюнча тийиштүү тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүп, соттук экспертизалар дайындалды. 6-сентябрь күнү аталган факты боюнча Жазык Кодексинин 165-беренеси менен шектенүү жөнүндө кабарлама чыгарылган. Талас шаардык соту тарабынан кылмыш ишин жасаган боюнча шектүүнүн кармалуусу мыйзамдуу деп табылып, анын бөгөт коюу чарасы катары 2 айга камакка алуу түрү тандалды», — деп айтылат маалыматта.












