Кызга калькулятор ыргыткан адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга 2-августта жабырлануучу 7-апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда мас абалында оозеки жаңжал учурунда анын башына калькулятор менен урган кишиге карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факт Октябрь РИИБде каттоого алынып, тергөө иштери башталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал адамдын өздүгү такталып, анын 1992 -жылы туулган жаран экендиги аныкталып, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Октябрь РИИБге жеткирилген.
Алынган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча шектүүнүн аракетине укуктук баа берилген. Мындан тышкары, соттук лингвистикалык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыккан. Экспертиза аяктагандан кийин сотко чейинки өндүрүштү кайра даярдоо маселеси чечилет.












