Кечээ, 9-майда социалдык тармактарда кызгалдак тааласындагы аялдардын мушташы тартылган видео тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.
Милиция кызматкерлери тарабынан бул окуя «Теплые ключи» санаторийине барган жолдо Таш-Мойнок айылына жакын жерде болгондугу, бул жердин ээси 1976-жылы туулган жаран сурак учурунда анын талаасында мушташкан окуяны кошуналарынан укканын айткан. Ошондой эле видеодогу эркек бул аялдарды тааныбасын билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо максатында бул окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Аламүдүн районунун ички иштер органдарына ден соолукка залал келтирүү фактысы боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес. Аталган аймакта кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга мыйзамдуулукту сактоо, дыйкандардын эмгегин сыйлоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Малдар бироонун жерин эмнеге тебелешет? Тушунбойм, мал мал жана мал демекчимин!!