«Кызганычтан өлтүргөн». Кара-Балтадагы башы жок аялдын өлүмү боюнча шектүү кармалды

21-июнда Кара-Балта шаарында башы жок табылган аялдын өлүмүнө шектүү жаран Жалал-Абад облусунан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБисинен маалымдашты.

«Адамды өлтүрүү кылмышы боюнча 1976-жылы туулган жаран шектелип, Жалал-Абад облусунан кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, ал жарандык турмушта жашаган жубайын кызганып, 10 ирет бычак сайган. Кылмышын жашыруу максатында маркумдун башын кесип, денесин Кара-Балтанын көчөлөрүнүн бирине дренажга таштаган. Ал эми башын 200 метр алыстыкка алып барып жерге көмүп салган. Өзү болсо Жалал-Абад облусуна качып кеткен. 

Кылмышка шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, башын көмгөн жерди көрсөтүп берген. Учурда ал Жайыл РИИБисинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, сотко чейинки иштер уланууда», — деп жазылат маалыматта.