Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары кармалды

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине (опузалап пара алуу) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында кечээ, 11-январда талап кылынган акчанын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда айыл башчынын орун басары, 1988-жылы туулган жаран кармалды. Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган. Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.