Баткендеги борбордук базардан чыккан өрт таңга жуук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 8-сентябрда өрт өчүрүү кызматына Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан борбордук базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм жана 18 куткаруучу тартылган. Өрт саат 05:35те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 2500 чарчы метр аянты күйгөн, жабыркагандар катталган эмес.










