Кызыл-Кыя шаарынын 45 жаштагы тургунунан баңгизаты табылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык милициясынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери алынган маалыматтын негизинде 7-июлда Ош-Исфана автожолунун Кызыл-Кыя шаары менен Караван айылын байланыштырган тилкесинде Кызыл-Кыя шаарынын 45 жаштагы тургунун кармашкан. Ал айдап жүргөн унаасынын ичиндеги өзгөчө жыты бар 2 бөлөк оролгон затты өз ыктыяры менен тапшырган. Аталган факты Кызыл-Кыя шаардык милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, корутундусунда салмагы 2,4 граммды түзгөн кара куурай чайыры экендиги белгилүү болгон. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.






