Кызыл-Кыяда 60 жаштагы киши 3-кабаттан кулап кетти. Ал мас абалында болгон

Кызыл-Кыяда 60 жаштагы киши 3-кабаттан кулап кетти. Ал мас абалында болгон. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 12-мартта Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун жашоочусу 3-кабаттан кулап кеткендигин кабарлашкан. Куткаруучулар барган учурда 1962-жылы туулган жаран мас абалында 3-кабаттагы балкондон 1-кабаттагы подъезддин чатырына түшүп кетип, оң буту сынган. Куткаруучулар жаракат алган жаранга алгачкы жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.