Баткен ОИИБдин кызматкерлери Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 9-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы мейманкалардын биринде эки бөлмөдө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 42 жаштагы тургуну Ш.Т. (аял киши) жана Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну А.Н. (аял киши) сойкулук аракеттерин ишке ашыруу учурунда кармалды.
Кармалган учурда алардын жанынан нымдуу салфеткалар, презервативдер жана акчалар алынган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кылмышка шектүү катары кармалган Ш.Т. менен А.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча...
УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча...
Салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөнүн видеоматериалдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган. Аталган материалдарда...
10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...