Унаа айдай качууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 28 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 12-июнда саат 20:00 чамасында Деу Матиз үлгүсүндөгү унаасын Кызыл-Кыя шаарындагы “Эки Дос” аталышындагы ашкананын жанына токтотуп койгон жеринен белгисиз жаран айдап качып кеткендигин айткан. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 206-беренеси (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кылмыштын изи сууй электе ошол эле түнү Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери Кадамжай районунун аймагынан Үч-Коргон айылынын 39 жаштагы тургунун аныктап, кармап келишкен. Азыркы күндө уурдалган унаа өз ээсине кайтарып берилип, тергөө иштери жүрүп жатат.











