Кызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Кызыл-Кыя ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөгө алынган жаран колго түшүрүлдү. Кызыл-Кыя шаарындагы «Таштемир ажы» борбордук базарында Араван районунун тургунунун унаасын 2025-жылдын апрель айында алып, анын акчасын толук төлөбөй качып кеткен Баткен районунун Чоң-Кара айылынын 30 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында кармалып, Кызыл-Кыя шаарына жеткирилип убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.








