ИИМ: «Шайлоо учурунда бийликти күч менен басып алууну көздөгөн шектүүлөр кармалды»
ИИМдин ыкчам кызматы массалык башаламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобун кармады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти....
Лебединовкадагы кызды уурдоо фактысы боюнча кылмыш курамынын жоктугу боюнча тергөө токтотулган. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери жабырлануучуну суракка алышкан, ал шектүү менен эки жарым жылдай дос болгонун, алар үйлөнмөк болушканын айтышкан, бирок ата-энесинин ортосундагы пикир келишпестиктен улам, той болбой калып, кыз ага өз ыктыяры менен барган. Экспертизалар денеге эч кандай зыян келтирбегенин көрсөткөн. Чогулган материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүш токтотулган.
6-майда Лебединовка айылындагы «Шекер» дүкөнүнүн алдынан Изат Курбанованы уурдап кетишкенин айтып, сиңдиси милицияга арыз жазган. Кийинчерээк окуя болгон жерде тартылган видео тараган. Эртеси соцтармактарга кыздын видеосу жарыяланган, анда ал уурдаган бала жигити экенин айтып, ата-энесинен кылыгы үчүн кечирим сураган. Ошол эле күнү кечинде ал Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген болчу. Ал эми кылмышка шектүү милицияга өзү барган.
ИИМдин ыкчам кызматы массалык башаламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобун кармады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти....
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 13:34тө очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Баткен облусунун...
Токмокто адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 9-ноябрда саат 19:00 чамасында Токмок ШИИБге кабар түшкөн....
Бишкектеги Cosmopark соода борборунда 10-ноябрда мушташ жана атышуу болду. Окуя тууралуу маалымат милицияга 03:00 чамасында түшкөн. Октябрь РИИБден билдиришкендей, жерине...
9-ноябрь күнү Жети-Өгүз айылынын борборунда үйлөнүү тоюн майрамдап жатышкандар унаалары менен автоээнбаштык кылгандыгы жергиликтүү тургундар тарабынан видеого түшүрүлүп, алар чара...
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Салиева көчөсү, 112.
Реклама бөлүмү
+996 (222)
88-29-29
reklama@supertv.kg
©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.