Лебединовкада уурдалган 26 жаштагы кыз. Кылмышка шектүү кармала элек

Лебединовкадагы дүкөндөрдүн биринин алдынан 26 жаштагы Изат Курбанованы уурдап кеткен жаран дагы эле изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Учурда издөө иш-аракеттери жүрүп жатат», — дешти милициядан. Кылмышка шектүү — 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров.

6-майда Лебединовка айылындагы «Шекер» дүкөнүнүн алдынан Изат Курбанованы уурдап кетишкенин айтып, сиңдиси милицияга арыз жазган. Кийинчерээк окуя болгон жерде тартылган видео тараган. Эртеси соцтармактарга кыздын видеосу жарыяланган, анда Изат уурдаган бала жигити экенин айтып, ата-энесинен кылыгы үчүн кечирим сураган. Ошол эле күнү кечинде ал Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген болчу.