Лейлекте Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевдин тажиктер тарабынан барымтага алынуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришти.
Облустук милициянын маалыматына караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында тажиктердин аскер техникалары айылды аралап жүрөт. Интернационал айылынын кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” участкасындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон турак-үйлөргө Тажикстандын аскер кызматкерлери кирип алган.
«Ошол участкага жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөөсү каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айыл башчысы барган учурда, тажик жарандары аны барымтага алып алышкан. Бул факты Лейлек РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган», — дешти милициянын басма сөз кызматынан.