Лейлекте апасы менен кызы жарылуучу зат жарылып жараат алып, учурда ооруканада. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
Окуя 5-январда болжол менен саат 16:40тарда Лейлектин Арка-2 кыштагында болгон. Маалыматка ылайык, 12 жаштагы кыз үйүнүн аймагындагы курулуш материалдарынын арасынан белгисиз, жарылуучу зат таап алган жана ал жарылып кеткен.
Жабыркаган апасы менен кызы учурда ооруканада экендиги маалымдалды. Окуя болгон жерде сапёрлор иштеген.