Лейлекте жарылган заттан улам эки өлкөнүн милициясы жолукту. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
- Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында 5-январь күнү снаряд жарылып, аял менен кыз жаракат алган.
Бул окуя боюнча Лейлек РИИБдин башчысы менен Тажик Республикасынын Согдий облусунун Б.Гафуров РИИБдин башчысы жолугуп, эки өлкөнүн элин дүрбөлөңгө алдырбоо максатында маалымат алмашып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
«Учурда окуя болгон жай аймактык милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынып, жарандарды короонун ичине киргизбөө максатында лента тартылып, иликтөө иштери уланууда. Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон күнү эле жергиликтүү айыл башчылар жана жергиликтүү бийлик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, окуяны элге туура жеткирүү максатында алдын алуу иштери уюштурулган», — деп айтылат маалыматта.