Милиция Лейлекте жасаган кылмыш иши үчүн жоопкерчиликтен качып, Чүй облусунун аймагында жашырынып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Ал 5-январь күнү Мерседес-Бенц Спринтер-318 үлгүсүндөгү унаасын башкарып келе жатып, каршы тилкеге өтүп, Деу-Матиз үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Деу-Матиз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каза болуп, унаадагы жүргүнчүсү ооруканага жаткырылган.
Жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген 31 жаштагы жаран кылмыш жоопкерчилигинен качып, Чүй облусунун аймагында изин жашырып жүргөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинде (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголуп, жогорудагы шектүү жаранга карата издөө жарыяланган.
Ал Сокулук районундагы айылдардын биринде жашынып жүргөн жеринен кармалды. Азыркы күндө кармалган жаран Лейлек РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.