Лейлекте жүргөн сел 200 чакты койду агызып кетти

Кечээ, 19-май күнү Баткен облусунун Лейлек районунда катуу сел жүрүп, бир катар турак жайларды жараксыз абалга келтирип, 200 чакты койду агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

19-майда саат 19:30 чамасында Лейлек районунда жааган жаандын кесепетинен сел суулар жүргөн. Натыйжада Катраң айыл өкмөтүндө Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун сел суулары каптап, кум-шагылга толтуруп, жараксыз абалга алып келген. Унаалар үчүн жол жабык. Дам-Арык тилкесинде Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолунун 1-чакырымында орнотулган селден коргоочу тосмонун 80 метр аралыгын бузуп кеткен. Баул айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп сай ичиндеги болжол менен 200 баш майда малды агызып кетип, 7 чакырым унаа жолу, 3 чакырым арыктар жана 4 даана электр мамычасы жараксыз абалга келген. Катраң айылынын Эпкин, Суу-Башы тилкелеринде 1 турак үйдүн ашканасын, 2 турак үйдүн огороддорун каптап, 2 чакырым унаа жолу, 3,5 чакырым арыктар жараксыз абалга келген. Өзгөрүш айылынын Айыкты тилкесинде 3 чакырым унаа жолу жана 2 чакырым арыктары кум шагылга толгон. Учурда калыбына келтирүү жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.