Лейлекте күйөөсү тарабынан катуу сабалган аял милицияга арыз менен кайрылды (сүрөт)
Күйөөсү тарабынан катуу сабалган аял милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-февралда Лейлек районундагы Андархам айылынын тургуну күйөөсү тарабынан катуу сабалган.
Аталган окуя боюнча азырынча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми бул факт боюнча Жазык кодексинин 66-беренесине ылайык (ден соолукка жеңил зыян келтирүү) кылмыш иши козголгон. Денесинен жарат алган аялга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/photo5294270048657060098-1-960x720.jpg" alt="" width="960" height="720" />