УКМК Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан майыптык тобун аныктоодогу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тактап айтканда, Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын майыптык тобун аныктап берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу менен алектенген.
Баткен районунун тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы жана врач эксперт тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан 3 миң сомдон 5 миң сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын системалуу түрдө алгандыгын тастыктаган материалдар алынган.
Аталган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
This is a modal window.