31-март күнү Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак айылындагы Актам жайлоосунда Андарак айылынын тургуну мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Ал өзүнүн сайсыз ок атуучу куралы менен мыйзамсыз аңчылык кылып, аталган жайлоодо эки кекилик атып алган. Бул ишти Лейлек РИИБ кызматкерлери тездик менен аныкташып, аңчылык мыйзамдарын бузуу боюнча жеринен кармап, андан соң тергөө кызматына өткөрүп беришти.
Мындан тышкары, кармалган адамдын аракеттери экологияга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги жана жаратылыш ресурстарын коргоо маселеси боюнча, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына маалымат берилди.