Лейлекте каракчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
15-декабрь күнү саат 18:40 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка-2 айылындагы дүкөндүн алдында каракчылык фактысы катталган. Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Суу айылынын тургуну өзүнүн Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасы менен товар жеткирип барып, кайтып бараткан учурда, аны белгисиз жаран аңдып барып, өзүн ушул жердин «отвечающийи» катары көрсөтүп, коркутуп бычак көрсөткөн.
Шектүү жаран андан 45 миң 40 сом акчасын, планшетин, барсеткасындагы паспортун, айдоочулук күбөлүгүн жана унаанын документтерин күч колдонуу менен тартып алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Бул факты Лейлек РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Арка айылынын 44 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.












