УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-2 айылында 5-январда турмуш-тиричилик мүнөздөгү жарылуу болгондугун билдирди.
Маалыматка караганда, жарылуудан үй-бүлөнүн эки мүчөсү: А.Н. аттуу аял жана анын өспүрүм кызы жабыркаган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, аял эски курулуш материалдарынын арасынан аныкталбаган жарылгыч зат (снаряд) таап алган. Ал эми 2022-жылы аялдын үйү ок атуунун кесепетинен өрттөнүп кеткен.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдары менен темир буюмдарды жыйнап жатып, снаряд таап алып, ал жарылып кеткен. Жарылуунун жыйынтыгында, аял жана 12 жашар кызы жаракат алышкан. Учурда жабыркагандар ооруканада, аларга зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлдү. Алардын акыбалы туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
«Жарылуу болгон жерди УКМКнын Чек ара кызматынын инженерлери дароо курчоого алышкан. Окуя болгон жерде бардык жагдайды аныктоо үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары, ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, тажик тарап болгон окуя тууралуу кабардар болду. УКМКнын Чек ара кызматы чек ара аймактарынын тургундарын сак болууга жана шектүү буюмдар табылган учурда аларга тийбөөгө, алар тууралуу дароо чек ара тарамдарына же укук коргоо органдарына кабарлоого чакырат»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Лейлекте апасы менен кызы жарылуучу заттан жарат алып, ооруканада экени аныкталган.