Лейлекте Тажик жараны мал уурулукка шектелип кармалды

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка 2 айылынын тургуну үлүш жайындагы 9 баш бодо малын белгисиз жарандар тарабынан уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.
Бул факты Лейлек РИИБдин Кылмыш-Жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларын уюштуруп, Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы 3 тургуну аныкталып, кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар Согди облусунун Хиставарс айылынын 29 жаштагы  тургуну менен биргеликте октябрь айынан бери жалпысынан 7 факты мал уурулуктарын жасап жүргөндүгү аныкталды. Азыркы күндө кармалган 29 жаштагы жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.