Ленин округунан шайлоо. Дамира Ниязалиеванын штабынын 2 кызматкери камакка алынды

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабынын кызматкерлери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИБ тарабынан Жазык кодексинин 196-беренеси (шайлоочунун добушун сатып алуу) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип У.Р. жана А.А аттуу жарандар кармалып, камакка алынды. Кармалгандар тергөө менен кызматташып жатканы маалым болду. Тергөө уланууда.

29-майда соцтармакка Ленин району боюнча өткөн шайлоодо эң көп добуш алган Дамира Ниязалиевага таандык делген аудио тарады. Анда агитатор менен добуш сатып алуу талкууланган. Түнү депутаттыкка талапкердин штабында тинтүү жүрүп, эшиги жабылып, мөөр басылды. Дамира Ниязалиева өзү журналисттерге соцтармакка тарап кеткен аудионун монтаждалганын билдирди.