Орусиянын Ленинград облусунун Усть-Луга айылында 16-февралда кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 кыргызстандык ар кандай даражадагы күйүк алган.
Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, эки Кыргыз жараны 17-февралда Ленинград облустук ооруканасына текшерүү үчүн көчүрүлгөн, үч жаранга Гатчинская ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга коё берилген. Аталган факты боюнча Орусиянын тергөө органы тарабынан кылмыш иши козголду. Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу бул маселени көзөмөлдөп турат.