Башкы прокуратура маалымат таратып, Маданият министрлигине президенттин фондунан бөлүнгөн 300 миллион сом акча каражатынын сарпталышынын мыйзамдуулугу текшерилгени маалымдалды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 7,6 миллион сом министрлик тарабынан максатсыз жумшалгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй, 6,2 миллион сомдук спорт шаймандары кымбат баада алынгандыгы, Министрликке караштуу «Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан фонддун эсебинен сатылып алынган 13,2 миллион сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынып, натыйжада мамлекетке жалпы 27 миллион 127 миң 820 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.








