Уюшкан кылмыштуу топторду каржылагандыгы үчүн «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун уулу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо) боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында, «Мадина» соода борборунун негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун уулу С.И.Т. жана «Мадина» соода борборунун коопсуздук кызматынын башчысы С.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тактап айтканда, И.С., Камчы Көлбаевдин кылмыштуу ишмердигин жана кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден опузалап акча каражаттарын алгандыгын билип туруп, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), анын ичинде Көлбаевдин кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө салуу боюнча аракеттерди жүргүзгөндүгү аныкталган. Аны менен бирге «Мадина» соода комплексинин Коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган К.С. да Көлбаевдин кылмыштуу ишмердүүлүгүн жана кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап, мыйзамсыз өндүрүп алуу жолу менен акча каражаттарын алганын билип туруп, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен тил табышып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келген.
К.С. 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлүп, ал Көлбаевдин квотасы боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.