«Мадина» базарынын кожоюну канча акча берип, камактан чыкканы айтылды
«Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Мындай чечимди 22-мартта Октябрь райондук соту чыгарган." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/madina-bazarynyn-kojoyunu-boshotuldu/">чыгарган.
Салимов Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу») боюнча шектелип кармалган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/madina-bazarynyn-kojoyunu-karmalgany-aityluuda/">кармалган.
Президенттин басма сөз кызматынын мурунку башчысы Нургазы Анаркулов социалдык тармактагы баракчасына Турсунтай Салимовдон бүгүнкү күндө мамлекетке 19 миллион доллар чыгым өндүрүлгөнүн жазды. "Жакынкы аралыкта дагы 1 миллион төгөт. Жалпы 20 миллион доллар бир гана Салимовдун кылмыштуу империясынан өндүрүлдү", - деп жазды ал.